
Жарыяланган
2026-02-02, 10:23Бишкектеги Өскөн-Ордо конушуна 750 орундуу жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп салынат.
31-январда Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен борбор калаада курула турган 20 мектептин долбоору жана курулуш аянты менен таанышып чыкты.
Алардын бири борбор калаанын Өскөн-Ордо конушуна 750 орундуу жаңы мектеп курулат. Долбоорго ылайык, мектеп 3 кабаттуу бардык шарты менен салынат. Бүгүнкү күндө долбоордук-сметалык документтери даярдалып, курулуштун алгачкы этабы башталуу алдында турат.
Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, аталган министрлик тарабынан ишке ашырылат.



