
Жарыяланган
2026-02-02, 15:02Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Бишкектеги абанын булганышынын себептерин атады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда борбор калаадагы абанын булганышына жеке сектордогу көмүр жагуу 40%, эски унаалардан чыккан газдар 30%, жылуулук электр борбору 15%, шамал менен келген чаңдар 13,5% жана өнөр жай ишканалары 1,5% сыяктуу факторлор терс таасирин тийгизүүдө.
«Буга байланыштуу аталган токтомдун негизинде түзүлгөн мекемелер аралык комиссия тийиштүү иштерди алып барып жатат. Маселен 2025-жылга карата Бишкек шаарында 54 калктуу конуш газдаштырылып, 51 миңден ашык абонент газга кошулду. Бул орточо көмүр керектөөсүн 100 миң тоннага азайтты. Ошондой эле Бишкек шаарынын таштанды полигонундагы өрт өчүрүлүп, катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүргөн завод ишке кирди. Экологиялык жактан таза транспорт түрлөрүн көбөйтүү, шаарды жашылдандыруу жаатында да жумуштар аткарылууда», - деди Медер Машиев.



