
Жарыяланган
2026-11-06, 10:36Быйыл январь–март айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1 миң 211 тонна капуста экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, капуста Россия жана Казакстанга сатылып, экспорттун жалпы көлөмү 22 млн 617 миң сомду түзгөн.
Анын ичинен Россияга 1 миң 159 тонна капуста экспорттолуп, анын баасы 21 млн 844 миң сом болгон. Ал эми Казакстанга 52 тонна капуста сатылып, андан 773 миң сом түшкөн.
2025-жылы Кыргызстан чет өлкөлөргө жалпысынан 3 миң 543 тонна капуста экспорттогон. Анын жалпы баасы 65 млн 682 миң сомду түзгөн.
Өткөн жылы Россияга 3 миң 148 тонна капуста сатылып, экспорттун көлөмү 59 млн 312 миң сом болгон. Ал эми Казакстанга 394 тонна капуста экспорттолуп, анын баасы 6 млн 369 миң сомду түзгөн.



