Akchabarsearch
Быйыл үч айда Өзбекстанга көчүп келгендердин 4.9%ы Кыргызстандан барган

Жарыяланган

2026-21-05, 12:49

Быйыл үч айда Өзбекстанга көчүп келгендердин 4.9%ы Кыргызстандан барган

Быйыл үч айда Өзбекстанга көчүп баргандардын 4.9%ы Кыргызстандан келген. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитети билдирди.

Маалым болгондой, январь-март айларында Өзбекстанга 721 киши жашоо үчүн көчүп барган. Алардын көбү Россия жана Казакстандан баргандар болгон. 

Өзбекстанга кайсы өлкөлөрдөн көчүп барышкан:

Россия — 34,1 %;

Казакстан— 19,7 %;

Тажикстан — 12,2 %;

Кыргызстан — 4,9 %;

Түркмөнстан — 3,7 %;

Башка өлкөлөр — 25,4 %.


Тектеш материалды окуу