
Жарыяланган
2026-21-05, 13:26Улуттук банк 2026-жылдын 22-майында жүгүртүү мөөнөтү 7 жана 10 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу аркылуу 4 млрд 300 млн сом ички карыз алат. Бул тууралуу аталган банктын маалыматында көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, 7 жылдык мамлекеттик казына облигациялары 7%дык чен менен 2.5 млрд сом өлчөмүндө жайгаштырылат. Ал эми 10 жылдык облигациялар 8%дык чен менен 1 млрд 800 млн сом көлөмүндө алынат.
Белгилей кетсек, 20-майга карата мамлекеттин 7 жылдык казына облигациялары боюнча 63 млрд 155 млн сом, 10 жылдык облигация боюнча 56 млрд 860 млн сом ички карызы бар.



