
Жарыяланган
2026-26-05, 18:07Быйыл үч айда микрокредиттик мекемелер берген насыялардын 63%дан ашыгын жарандар жеке керектөөлөрү үчүн алган.
Маалым болгондой, быйыл январь-март айларында микрокредиттик мекемелер тарабынан 23 млрд сом насыя берилген. Анын 63%дан ашыгы жана айтылгандай жарандардын жеке кем-карчы үчүн алынган.
Дагы 16%дан көбү – айыл чарба багытына, 9%ы – соода-сатык жана коомдук тамактануу тармагына берилген.



