Akchabarsearch
Өлкө ИДПсы төрт айда 12.4%га өстү

Жарыяланган

2026-26-05, 17:30

Өлкө ИДПсы төрт айда 12.4%га өстү

ЕАӨБдүн аналитиктери Кыргызстанда экономикалык өсүштүн темпи жогору бойдон сакталып жатканын белгилешти. 2026-жылдын январь-апрель айларында өлкөнүн ИДПсы 12.4%га өстү. Бул тууралуу “Эркин-Тоо” газетасы жазды.

Экономиканын өсүшүнө негизги салымды курулуш тармагы кошуп, көрсөткүч 3,75%ды түзгөн. Бул “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын алкагында турак жай курулушунун кеңейиши жана жаңы чакан ГЭСтердин ишке кириши менен байланыштуу. 

Ошондой эле өнөр жай тармагы негизги металл өндүрүшүнүн көбөйүшүнүн эсебинен 11.6%га өстү. Тейлөө тармагындагы өсүш болсо 7.3%ды түзгөн. 

ЕАӨБдүн божомолуна ылайык, инвестициялык активдүүлүк жыл аягына чейин экономиканын өсүшүнө негизги түрткү болуп, 2026-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын ИДПсы 10%дан жогору өсүшү күтүлүүдө
 


Тектеш материалды окуу