Akchabarsearch
Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин саны 10 миллиондон ашат

Жарыяланган

2026-06-04, 15:33

Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин саны 10 миллиондон ашат

Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин саны 10 миллиондон ашат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи Радиого” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, туристтердин көбөйүшүнө өлкөдө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана дүйнөдөгү учурдагы кырдаалдар таасир этет.

Буга байланыштуу туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу багытында иштер жүрүп жатат.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга 10 миллиондон ашык турист келген. Быйыл бул көрсөткүч дагы болжол менен 10%га өсөт деп күтүлүүдө.

 


Тектеш материалды окуу