Akchabarsearch
Быйыл өлкөдө 75 кайра иштетүү ишканасы ачылат

Жарыяланган

2026-03-03, 16:16

Быйыл өлкөдө 75 кайра иштетүү ишканасы ачылат

Быйыл өлкөдө 75 кайра иштетүү ишканасы ачылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, 2026-жылы Чүй облусунда 8, Жалал-Абадда 14, Ош облусунда 9, Ысык-Көлдө 12, Нарын облусунда 15, Баткенде 9 жана Талас облусунда 8 кайра иштетүү ишканасы ачылат.  

Анын ичинен:

  • 10 соода-логистикалык борбору;
  • 6 мөмө-жемиш сактоочу тоң кампа;
  • 5 дан өсүмдүгүн кайра иштетүү ишканасы (ун, макарон, кондитер азыктары);
  •  14 мөмө-жемиш жана жашылча жемиш кайра иштетүү ишканасы; 
  • 8 сүттү кайра иштетүү ишканасы; 
  • 8 этти кайра иштетүү ишканасы (6 ишкана тоок этин өндүрөт); 
  • 1 күрүчтү кайра иштетүү ишканасы; 
  • 10 мал союучу жайлар; 
  • 5 жүндү кайра иштеткен ишканасы; 
  • 2 балык өндүрүү ишканасы; 
  • 1 дары чөптөрдү иштеткен ишканасы; 
  • 1 минералдык суу өндүргөн ишкана; 
  • 3 тоют даярдоо ишканасы; 
  • 1 бал ишканасы. 

Бул кайра иштетүү ишканаларын каржылоонун жалпы суммасы 6 млрд 203 млн сомду түзөт. 

Долбоорлор мамлекеттик жеңилдетилген кредиттердин, жеке инвестициялардын жана эл аралык өнөктөш уюмдардын эсебинен каржыланат.


Тектеш материалды окуу