
Жарыяланган
2026-29-06, 15:33Быйылкы жылдын аягына чейин жаш курак боюнча пенсияга чыгуу үчүн 6 жылдык стажы керек болот. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурзат Жакиева билдирди.
Анын айтымында, келерки жылы жаш курак боюнча пенсияга чыгүү үчүн керектелген стажы 7 жылды түзөт.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда жаш курак боюнча эркектер 63, аялдар 58 жашында пенсияга чыга алат.
Быйыл пенсияга чыгуу үчүн керек болгон минималдык стаж 6 жыл болсо, ал жыл сайын көтөрүлүп отуруп, 2045-жылдан баштап 20 жылды түзөт.



