Akchabarsearch
Быйыл сабиздин түшүмү былтыркыдан мол болот деп болжолдонууда

Жарыяланган

2026-02-10, 13:16

Быйыл сабиздин түшүмү былтыркыдан мол болот деп болжолдонууда

Быйыл сабиздин түшүмдүүлүгү гектарына 300-310 центнер болот деп болжолдонууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, бул жылы Кыргызстанда 37.7 миңден ашык гектарга жашылча өсүмдүктөрү тигилген. Анын 7.6 гектарына сабиз айдалган.

Быйыл аба ырайы жакшы болгондуктан жана агротехникалык иштер өз убагында аткарылгандыктан түшүм жакшы болот деп болжолдонууда. 

Маселен 1 гектардан 300-310 центнер түшүм алынары күтүлүүдө. Ал эми жалпы жыйым 235-245 миң тонна болот деп болжолдонууда.

Салыштырып айтканда 2025-жылы сабиз 7.3 гектардан ашык жерге айдалып, гектарынан орточо 259.9 центнер түшүм жыйналган. 


Тектеш материалды окуу