Akchabarsearch
Чет өлкөлүк курулуш компанияларына курулуш нормаларын сактоо керектиги эскертилди

Жарыяланган

2026-02-10, 17:26

Чет өлкөлүк курулуш компанияларына курулуш нормаларын сактоо керектиги эскертилди

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек шаарында жана Чүй облусунда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди. 

Жолугушууда чет элдик компанияларга курулуш иштерин бекитилген долбоордук документтерге ылайык жүргүзүү, курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактоо боюнча талаптар айтылган. 

Ошондой эле курулуш аянтчаларында тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу, анын айланасында башаламандыкка жол бербөө, жакын жайгашкан аймактарга ыңгайсыздык жаратпоо керектиги эскертилген. 

"Жыйынтыгында компания өкүлдөрүнө мыйзам талаптарын, курулуш нормаларын жана бекитилген долбоордук чечимдерди так сактоо, курулуш иштерин белгиленген тартипте жүргүзүү боюнча конкреттүү талаптар эскертилди", - деп айтылат маалыматта. 


Тектеш материалды окуу