
Жарыяланган
2026-02-10, 18:22Шакиранын "Бишкек Арена" стадионунда өтө турган концертине 1-октябрда билеттер сатыкка чыгарылган күнү 13 миңден ашык билет сатылды.
Маалым болгондой, сатылган билеттердин 80%ын - Казакстандан, 13.1%ын - Россия, 3.8%ын - Өзбекстандан алышкан. Дагы 3.1% билетти 18 өлкөнүн жарандары алган.
Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, Шакиранын концерти өзүнүн дүйнөлүк турунун алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда гана өтөт.



