Akchabarsearch
Чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүгү бар жарандар аны Кыргызстандыкына алмаштыра алышат

Жарыяланган

2026-02-10, 14:34

Чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүгү бар жарандар аны Кыргызстандыкына алмаштыра алышат

Чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүгү бар кыргызстандык жарандар аны Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө алмаштыра алат. Бул тууралуу Унааларды каттоо боюнча мамлекеттик борбор билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн анын жарактуулук мөөнөтү аяктарына кеминде 1.5-2 жыл калган болуш керек. 

Жаран Унааларды каттоо борборуна кайрылып, арыз,  айоочулук күбөлүгүн, №083 медициналык маалымкатты, мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны тапшырат. Арыз алынгандан кийин адистер чет элдик айдоочулук күбөлүк берилген өлкөгө расмий кат жөнөтүшөт. Алар документти бергенин ырастагандан кийин жарандын күбөлүгү алмаштырылат.

Ошол эле учурда жаран күбөлүктү алуу үчүн сынак тапшырууга милдеттүү болот. Эгер айдоочулук күбөлүк берген өлкө Вена конвенциясына кошулган болсо, жаран практикалык сынакты тапшырат. Вена конвенциясына кошулбаган өлкө болсо, жаран теориялык да, практикалык сынакты да тапшырышы керек. 


Тектеш материалды окуу