Akchabarsearch
    Быйыл Талас шаарында 14 көчөгө тротуар салынат

    Жарыяланган

    2025-24-06, 09:54

    Быйыл Талас шаарында 14 көчөгө тротуар салынат

    Быйыл Талас шаарында 14 көчөгө тротуар салынат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди. 

    Жасала турган тротуарлардын жалпы узундугу 54 чакырымга жетет. 

    Жөө жүргүнчүлөр бара турган жолду салуу үчүн «кызыл сызык» чегинен чыгып кеткен 1800 турак-жай, тосмо жана дарбаза жылдырылган. 

    "Азыркы тапта иш кызуу уланып, курулуш компаниялары жолдорду сапаттуу кылып бүтүрүүнүн аракетинде", - деп айтылат маалыматта.


    Тектеш материалды окуу