Жарыяланган
2025-06-05, 15:32Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Иш сапардын алкагында Нурлан Садыков Талас шаары менен Талас районунун кээ бир айылдарын электр энергиясы менен камсыздаган 110/35/10 кВ «Талас» көмөк чордонундагы жаңылган жабдууларды көргөн. Бул жерде 1965-жылдан бери иштеп келген электр энергияны бөлүштүрүүчү жабдык (10 кВ) алмаштырылып, ордуна заманбап СШ-59 үлгүсүндөгү жабдык орнотулган.
Ошондой эле ал Талас облусундагы акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштеринин жүрүшү менен таанышкан.
Быйыл облуста 36 миң 742 даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Анын 10 миң 842си Талас районунда, 5 миң 600 даана Манас районунда, 7 миң 800ү Бакай-Ата районунда жана 12 миң 500ү Айтматов районунда орнотулат.