Жарыяланган
2025-06-05, 18:05Социалдык фонд Топтомо пенсиялык фонддогу акчага өкмөттөн “Ала-Арча” мамлекеттик компаниясын сатып алды.
Буга чейин “Акчабар” жазгандай, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик түзгөн “Ала-Арча” ачык акционердик коому 23-апрелде каттоодон өткөн. Ал эми 24-апрелде анын акциялары Кыргыз фондулук биржасына чыгарылган. Ар бири 1 миң сомдон болгон 1 млн 750 миң жөнөкөй акция сатыкка коюлган. Анын жалпы баасы 1 млрд 750 млн сомду түзгөн.
Аталган акциянын баарын Соцфонд сатып алып, ал үчүн Топтомо пенсиялык фонддогу акчаны колдонгон. Бул фондго жарандар Соцфондго төлөгөн акчанын 2%ы түшүп турат. Тактап айтканда Соцфонд “Ала-Арча” компаниясын жарандардын Топтомо фонддогу акчасына сатып алган.
Соцфонд аталган акчага компанияга караштуу “Ала-Арча” соода борборунун имаратын, анын жанынан 10.7 миң чарчы метр жана 3.3 миң чарчы метр болгон эки жер тилкени алды. Бул объекттер жаңы түзүлгөн компаниянын уставдык капиталын түзүп, 1 млрд 750 млн сомго бааланган.
Өкмөттүн тапшырмасы боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги акцияларды сатуудан түшкөн 1 млрд 750 млн сомду Стабилизациялык фонддго которуп бериши керек.