Akchabarsearch
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү үчүн "Ала-Арча" ААКсы түзүлдү

Жарыяланган

2025-25-04, 08:54

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү үчүн "Ала-Арча" ААКсы түзүлдү

Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү башкаруу жана ижарага берүү үчүн "Ала-Арча" ачык акционердик коому түзүлдү.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик түзгөн бул компания 23-апрелде каттоодон өттү. Ал эми 24-апрелде "Ала-Арча" Кыргыз фондулук биржасына ар бири 1 миң сомдон болгон 1 млн 750 миң жөнөкөй акцияны чыгарды. Келишимдин жалпы суммасы 1 млрд 750 млн сомду түздү.

Фирма Бишкектин Ленин районунда каттоодон өткөн. Анын жетекчиси болуп Султан Өмүров дайындалды.


Тектеш материалды окуу