Жарыяланган
2025-06-05, 17:31Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен кийин Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык. 7-майда Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтовго чейинки түштүк тарап бөлүгү ачылат. Ошол эле учурда аталган тилкенин түндүк жагы жабылып, оңдоо иштери аяктаганга чейин түштүк тарабы эки тараптуу болуп турат.
Оңдоо иштерин «Мостдорстрой» компаниясы жүргүзүүдө.
Мэрия билдиргендей, оңдолгон жол жээгиндеги коммерциялык объектилердин ээлери муниципалитет менен ижара келишиминин алкагында, өз каражаттарынын эсебинен жол жээгин көрктөндүрүү, анын ичинде унаа токтотуучу жайларын оңдоо иштерин жүргүзөт.