Жарыяланган
2025-06-05, 16:57Талас шаарын суу менен толугу менен камсыздоо үчүн суу топтоочу жай салынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө суу топтоочу жайдын айланасын курчоо жана жерди тегиздөө иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, жаңы электр чубалгылары орнотулууда.
Алдыда 2 резервуар, 2 скважина жана 3 чакырым узундукта суу өткөрүүчү түтүк орнотулат.
Суу томтопо жайга 2000 куб метр батат.
"Бул иштин аяктоосу менен Талас шаары толугу менен таза суу менен камсыз болот", - деп айтылат маалыматта.
Суу топтоочу жайдын курулушу быйыл күзүндө аяктайт деп пландалууда.