
Жарыяланган
2025-25-11, 18:19Быйыл январь–сентябрь айларында мамлекеттик бюджет 93 млрд 407 млн сом профицит менен аткарылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Бул мезгилде бюджетке түшкөн кирешелер (финансылык эмес активдерди сатуудан алынган каражаттарды кошкондо) өткөн жылга салыштырганда 138 млрд сомго же 41.3%га өсүп, 472 млрд сомду түздү.
Ошол эле учурда мамлекеттик чыгымдар 92 млрд 496 млн сомго же 32.3%га көбөйүп, жалпы 378 млрд 668 млн сомду түзгөн.



