Akchabarsearch
Мамлекеттик бюджеттин 51%ы социалдык-маданий чөйрөгө жумшалды

Жарыяланган

2025-12-11, 15:45

Мамлекеттик бюджеттин 51%ы социалдык-маданий чөйрөгө жумшалды

Быйыл январь–август айларында мамлекеттик бюджеттин 51.3%ы же 133.8 млрд сом социалдык-маданий чөйрөгө багытталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Мындан тышкары, чыгымдардын 26.3%ы (68.6 млрд сом) — мамлекеттик кызматтарга, коргоо жана коопсуздукка, 21.9%ы (57.2 млрд сом) — экономикалык ишмердикке, ал эми 0.5%ы (1.2 млрд сом) — айлана-чөйрөнү коргоого жумшалды.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, экономикалык ишмердикке кеткен чыгымдар 2.8 эсеге, мамлекеттик кызматтар менен коопсуздукка кеткен каражат 22.1%га, социалдык-маданий тармакка — 12.2%га өскөн. Айлана-чөйрөнү коргоого бөлүнгөн каражат тескерисинче 23.9%га азайган.

 


Тектеш материалды окуу