
Жарыяланган
2025-21-11, 15:56Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 2023-2024-жылдардагы бюджетинин аудити 210.8 миллион сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.
Анын ичинен 156,8 млн сом калыбына келтирүүгө тийиш сумма катары көрсөтүлүп, 66 млн сому аудит маалында кайра өндүрүлдү.
Атап айтканда, министрлик борборлоштурулган иш-чараларга мыйзамга каршы келген өзүнчө сметаларды түзгөн. Ошондой эле, Гидрометеорология кызматындагы 157 жер тилкесинин 21ине мамлекеттик акт берилген эмес, ал эми токой чарбаларында ижара акысы боюнча карыз 96.1 миллион сомго жеткен.
Мындан тышкары, COVID-19 долбоору эки жылга кечигип бүтүп, каражаттары максатсыз колдонулган. Министрликке караштуу төрт түзүмдө капиталдык салымдарга сарпталган 1.9 миллиард сомдо 6.8 миллион сомдук бузуулар табылган.



