Akchabarsearch
    Быйыл төрт айда Өзбекстанга 1 миллионго жакын кыргызстандык барган

    Жарыяланган

    2025-30-06, 14:47

    Быйыл төрт айда Өзбекстанга 1 миллионго жакын кыргызстандык барган

    Быйыл төрт айда Өзбекстанга 942.2 миң кыргызстандык барган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика комитети билдирди. 

    Маалыматка ылайык, январь-апрель айларында Өзбекстанга 3.1 млн чет элдик туристтик максатта барган. 

    Баарын Кыргызстандан келгендер көп болгон:

    • Кыргызстан – 942,2 миң киши
    • Тажикстан – 793,9 миң киши
    • Казакстан – 617,2 миң киши
    • Россия – 240,1 миң киши
    • Афганистан – 156,6 миң киши
    • Түркмөнстан – 109,6 миң киши
    • Түркия – 49,4 миң киши
    • Кытай – 38,1 миң киши
    • Индия – 22,6 миң киши
    • Италия – 11,1 миң киши
    • Башка өлкөлөр – 136,8 миң киши

    Тектеш материалды окуу