
Жарыяланган
2026-05-05, 09:46Кыргызстанда быйыл январь–февраль айларында тышкы жана өз ара сооданын жалпы көлөмү 2 млрд 100.6 млн доллар болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.9%га аз.
Экспорт 1 млрд 306 млн долларды түздү жана 11.5%га кыскарды. Негизги себеп — КМШ өлкөлөрүнө товар чыгаруу 12.5%га ал эми, КМШдан тышкары өлкөлөргө экспорт 14.6%га төмөндөгөн.
Импорт 1 млрд 794.6 млн доллар болуп, 1.1%га азайды. Бирок КМШ өлкөлөрүнөн товар алып келүү тескерисинче 8.7%га көбөйгөн.
Жалпы сооданын ичинде экспорттун үлүшү 14.6%ды, ал эми импорттун үлүшү 85.4%ды түздү.



