Akchabarsearch
Экспорт 25.7%га, импорт 3%га азайды

Жарыяланган

2025-28-11, 14:57

Экспорт 25.7%га, импорт 3%га азайды

Быйыл январь–сентябрь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасы 11 млрд 269.8 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Бул былтыркы жылдын тогуз айына салыштырганда 8.3%га азайган.

Экспорттун көлөмү 2 млрд 134.2 млн доллар болуп, КМШ өлкөлөрүнө товар жөнөтүү 30.2%га төмөндөшүнө байланыштуу жалпы экспорт 25.7%га кыскарды.

Импорт болсо 9 млрд 135.6 млн долларды түздү. КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн товар алып келүү азайгандыктан, импорттун көлөмү өткөн жылдын январь–сентябрына салыштырмалуу 3%га төмөндөдү.

 


Тектеш материалды окуу