Akchabarsearch
Кытай менен Россия Кыргызстандын импортунун 60%дан ашыгын жабат

Жарыяланган

2026-07-01, 15:58

Кытай менен Россия Кыргызстандын импортунун 60%дан ашыгын жабат

2025-жылдын үчүнчү чейрегинде Кыргызстанга келген импорттун жалпы көлөмү 2.85 млрд долларды түздү. Анын ичинен 1.14 млрд доллары Кытайга, ал эми 587 млн доллары Россияга туура келет. 

Ал эми экөөнү кошкондо 1.73 млрд долларды же өлкөнүн импортунун 60%дан ашыгын түзөт.

Бул өлкөлөр чет элдик товарларга болгон муктаждыктын чоң бөлүгүн жабат— өнөр жай продукциялары менен техникадан баштап, керектөө товарларына, чийки заттарга жана тетиктерге чейин.

Салыштыруу үчүн:

•    Казакстан — 268 млн долларлык импорт;
•    Өзбекстан — 164 млн доллар;
•    Түркия — 82 млн доллар;
•    АКШ — 48 млн доллар;
•    Германия — 45 млн доллар.

Башка бардык жеткирүүчүлөрдүн (анын ичинде Европа Биримдиги, Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрү) жалпы көлөмүн кошкондо да, Кытайдын жалгыз өзүнөн келген товарлардан аздык кылат.

Эгерде Кыргызстандын тышкы соодасынан Кытай менен Россияны алып салсак, импорт жарымынан ашыкка кыскарат.

Кытайдан көбүнчө керектөө товарлары, электрондук буюмдар, жабдуулар, кайра иштетүү үчүн чийки заттар сатып алынат.

Ал эми Росииядан күйүүчү отун, азык-түлүк, өнөр жай товарлары алып келинет.
 


Тектеш материалды окуу