Akchabarsearch
Экспорттун көлөмү 38.2%га төмөндөдү

Жарыяланган

2025-26-12, 14:49

Экспорттун көлөмү 38.2%га төмөндөдү

Быйыл январь–октябрь айларында Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын жалпы көлөмү 12 млрд 803.5 млн долларды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10.6%га аз.

Экспорттун көлөмү 2 млрд 409.3 млн долларды түзүп, 38.2%га төмөндөгөн. Себеби КМШ өлкөлөрүнө товар жөнөтүүнүн көлөмү 26.8%га кыскарган.

Ал эми импорт 10 млрд 394.2 млн долларды түзгөн. КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн товар алып келүүнүн азайышына байланыштуу импорт өткөн жылга салыштырмалуу 0.3%га кыскарды.
 


Тектеш материалды окуу