Akchabarsearch
Быйыл январь-март айларында бюджетке таштандылардан 132.1 млн сом түштү

Жарыяланган

2026-11-06, 13:29

Быйыл январь-март айларында бюджетке таштандылардан 132.1 млн сом түштү

2026-жылдын январь–май айларында утилдештирүү жыйымынан 132,1 млн сом түшкөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 115.4 млн сомго көп. Төлөгөн компаниялардын саны да 50дөн 259га чейин өскөн.

Жаратылыш министрлигине караштуу «Эко Оператор» ишканасы өлкөдө таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу иштерин улантууда. Алар мамлекеттик органдар менен бирге иштеп, маалымат системаларын санариптештирүүдө.

Учурда таштандыларды чогултуу, кайра иштетүү жана жок кылуу менен алектенген ишканалардын тизмеси түзүлүп жатат. Азыр 130га жакын ишкана бар, алардын 63ү менен байланыш түзүлгөн. Ошондой эле 17си расмий лицензиясы бар кайра иштетүүчү ишканалар.

«Эко Оператордун» негизги максаты — таштандыларды туура башкаруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана кайра иштетүүнү өнүктүрүү.
 


Тектеш материалды окуу