Akchabarsearch
Быйыл өзгөчө кырдаалдар дээрлик 5 эсеге көбөйдү

Жарыяланган

2026-17-07, 19:13

Быйыл өзгөчө кырдаалдар дээрлик 5 эсеге көбөйдү

Кыргызстанда 2026-жылдын алгачкы алты айында 33 өзгөчө кырдаал катталып, алардын кесепетинен 24 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарууда билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул эле мезгилинде өлкөдө 7 өзгөчө кырдаал катталган. Быйыл алардын саны 26га көбөйгөн.

Алты ай ичинде өлкө боюнча 1 миң 258 өрт жана 280 сел катталды. Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 775 техника жана 4 миң 114 адам тартылып, кооптуу аймактардан 149 адам эвакуацияланган.

Ошондой эле селден жабыркаган 1 миң 874 турак үй жана короо, 67 социалдык объект, 34 чакырым арык жана канал, ошондой эле 96,5 чакырым жол тазаланды.

ӨКМдин маалыматы боюнча, алты ай ичинде куткаруучулар ар кандай өзгөчө кырдаалдардан 197 адамды сактап калышты.

Мындан тышкары, табигый кооптуу аймактарды аныктоо үчүн 1 миң 322 мониторинг жүргүзүлүп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында 5 миң 801 метр дамба жана 131 метр темир-бетон тосмолор курулду.


 


Тектеш материалды окуу