Akchabarsearch
Бишкектеги таштанды полигонунда ысыктан улам өрт чыкты

Жарыяланган

2026-17-07, 16:49

Бишкектеги таштанды полигонунда ысыктан улам өрт чыкты

Бишкек шаарындагы санитардык полигондо абанын температурасынын жогору болушунан улам тиричилик калдыктарынын айрым жерлеринде локалдык өрт катталды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт чыкканга чейин полигондун айрым бөлүктөрүндө температура 60 градуска чейин жеткен.

Учурда тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп, өрттү локалдаштыруу жана толук өчүрүү боюнча зарыл чараларды көрүүдө.


 


Тектеш материалды окуу