
Жарыяланган
2026-21-08, 17:19Быйыл Жалал-Абад облусунда Курулуш министрлиги тарабынан 113 социалдык объектте курулуш жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Алардын катарында Манас шаарындагы ири долбоорлордун бири болгон «Акылман» президенттик мектеп-лицейи, 5200 орундуу спорт сарайы жана 7 кабаттуу облустук клиникалык оорукана бар.
Облустун аймагында министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан социалдык объекттердин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Жыл башынан бери бүгүнкү күнгө карата Жалал-Абад облусунда 27 социалдык объект бүткөрүлгөн. Учурда калган объекттерде да курулуш иштери кызуу уланууда.



