Akchabarsearch
Кыргызстанда 30 миңдей бала ай сайын 3 миң сомдон жөлөкпул алууда

Жарыяланган

2026-21-08, 16:26

Кыргызстанда 30 миңдей бала ай сайын 3 миң сомдон жөлөкпул алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундары үчүн киргизилген "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" жөлөкпулун 29.6 миң бала алууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында айтылды.  

Аталган жөлөкпул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Ал бийик тоолуу жана алыскы аймактарда, ошондой эле өзгөчө статуска ээ айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына алар үч жашка толгонго чейин берилет. 

Жөлөкпул бала бай же кедей үй-бүлөдө жашаганына карабай төлөнөт.   1-июлга карата жөлөкпул 29.6 миң балага дайындалган.   

Жалпысынан Кыргызстанда бийик тоолуу аймактардын тизмесине 430 айыл жана конуш киргизилген. 


Тектеш материалды окуу