
Жарыяланган
2026-21-08, 17:52Кыргызстанда эки жылда социалдык жөлөкпул алган жарандардын саны 118 миңге азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында айтылды.
Маалым болгондой, 2024-жылдын башында өлкөдө 392 миң адам жөлөкпул алса, 2026-жылдын башында алардын саны 274 миңди түзгөн.
Жөлөкпул алгандардын санынын азайышына Социалдык контракт долбоору таасир эткен. 2022-2025-жылдары ага 48 миңден ашык үй-бүлө катышкан. Быйыл дагы 13.3 миңден ашык үй-бүлө катышат деп пландалууда.
Мындан тышкары жыйында министрликтин бюджети эки эседен ашык көбөйгөнү айтылды: 2021-жылы мекеменин бюджети 12 млрд сом болсо, 2026-жылы 25.4 млрд сомго жеткен.



