Akchabarsearch
Бишкекте төлөм операторуна 220 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2026-21-08, 18:33

Бишкекте төлөм операторуна 220 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында төлөм уюмуна (төлөм системасынын операторуна) 220 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.  

Төлөм оператору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын милдеттүү талаптарын, Кыргызстандын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ички көзөмөл системасын уюштуруу бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн айыпка жыгылган.   

Улуттук банк айыпка жыгылган төлөм операторунун атын ачыктаган жок. 


Тектеш материалды окуу