
Жарыяланган
2026-16-06, 16:04Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча жалпы 426 чакырым автожол толугу менен асфальтталды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду куруу жана оңдоо иштери уланууда.
Быйыл асфальтталган жолдордун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 234 чакырымга көп. Салыштыра кетсек, 2025-жылдын июнь айына карата өлкөдө 191.5 чакырым жол асфальтталган.
Министрлик учурда жолдорду куруу жана реконструкциялоо иштери транспорттук байланыштарды жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу жана аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.



