
Жарыяланган
2026-19-03, 09:21Бишкек шаарында Жаш Гвардия бульвары боюнча транспорттук түйүн куруу долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар бийлиги аталган аймактагы ишкерлер менен жолугушуу өткөрүп, алдыдагы иштерди талкуулады.
Маалыматка ылайык, курулушка жалпы 64 объект кирет. Учурда алардын бир бөлүгүнүн укуктук документтери такталып, калган объекттер боюнча иштер уланууда. Ошондой эле жер ээлерине компенсация төлөө маселеси өзүнчө каралууда.
Шаар бийлиги курулуш учурунда тургундар үчүн альтернативдүү жолдорду уюштурууну жана тоскоол болгон объекттерди алып салууну пландап жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, транспорттук түйүндүн курулушу быйылкы жылдын апрель айында башталат.
Бул долбоор шаардагы транспорттук инфраструктураны жакшыртып, жолдордун өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана тыгындарды азайтууга багытталган.



