Akchabarsearch
Сапатсыз жол кургандар  «кара тизмеге» киргизилет

Жарыяланган

2026-23-07, 16:09

Сапатсыз жол кургандар «кара тизмеге» киргизилет

Бишкекте жол куруу жана оңдоо иштерин кечиктирген же сапатсыз аткарган подряддык уюмдар мамлекеттик сатып алууларга катышуу укугунан ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы борбор калаада 127 көчөнү куруу жана оңдоо, ошондой эле 29 көчөнүн тротуарын жаңылоо пландалган. Учурда 119 объектте иштер жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө 46 объектте иштер толугу менен аяктаган. Алардын 33ү унаа жолдору, 13ү тротуар тилкелери.

Оңдолгон объекттердин арасында Жайыл баатыр, Кожевенная, Коммунаров, Үсөнбаев көчөлөрү, айрым кичи райондордогу ички жолдор жана Манас, Москва көчөлөрүндөгү тротуарлар бар.

Мэрия подрядчыларга иштерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү талабын койду. Талаптарды аткарбаган компаниялар «кара тизмеге» киргизилип, кийин мамлекеттик сатып алууларга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылары эскертилди.

Ошондой эле көйгөйлүү тилкелерди текшерүү жана маселелерди жеринде чечүү үчүн шаардык кызматтар менен подрядчылардын катышуусунда көчмө текшерүүлөр жүргүзүлөт.
 


Тектеш материалды окуу