Akchabarsearch
Ысык-Көлдөгү жол курууда 171 млн сомдон ашык зыян аныкталды

Жарыяланган

2026-05-08, 10:14

Ысык-Көлдөгү жол курууда 171 млн сомдон ашык зыян аныкталды

Жол курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануу боюнча текшерүүдө мамлекетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар Ак-Суу районундагы Жыргалаң лыжа базасына баруучу жолду куруу жана Түп районундагы Каркыра-Турук-Сары-Жаз жолуна шагыл төшөө иштеринен аныкталган.

Текшерүүдө жол тармагындагы мамлекеттик ишканалар тиешелүү талаптарга жооп бербеген “Д.Т.” ЖЧКсын субподрядчы катары тартышканы белгилүү болгон. Компаниянын тиешелүү тажрыйбасы жана жетиштүү материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес.

Ошондой эле керектүү кепилдиктер жана аткарылган иштерди тастыктаган документтер жок болгонуна карабай, компанияга бюджеттик каражаттар которулган. Натыйжада каражаттар максатсыз пайдаланылган.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү" беренелери менен эки кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.


Тектеш материалды окуу