
Жарыяланган
2026-20-02, 11:42Быйылкы жылы орточо пенсиянын көлөмү 11 миң 238 сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда республикада 816,6 миң пенсионер бар.
Былтыркы жылдын 1-oктябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10%га (кеминде 600 сом) жогорулады. 50 миң сомдон жогору пенсия алгандар үчүн кошумча төлөм 5 миң сомду түздү.
Пенсиялар жыл бою өз убагында, кечиктирилбестен төлөндү. 2026-жылга карата пенсия боюнча эч кандай карыз жок. Бюджеттин профицити 3,0 млрд сомду түзүп, фонддун туруктуулугун далилдеди.


