Akchabarsearch
“Пирожки да келбейт”. 85теги аксакал пенсияга кошулуп берилген 100 сомду көбөйтүү маселесин көтөрдү

Жарыяланган

2026-20-02, 14:36

“Пирожки да келбейт”. 85теги аксакал пенсияга кошулуп берилген 100 сомду көбөйтүү маселесин көтөрдү

Биринчи радионун “Эл өкүлү – эл кызматында” берүүсүндө Ысык-Көлдүн Түп районунун Корумду айылынан телефон чалган аксакал мамлекет тарабынан жашы 80ден өткөн пенсионерлердин пенсиясына кошулуп берилген 100 сомду көбөйтүү маселесин көтөрдү. 

Жашы 85тен өткөнүн айткан аксакал берүүгө катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулуна кайрылып, пенсиясына кошумча ай сайын 100 сомдон алып турарын белгилеп, бирок ага эч нерсе келбейт турганын билдирди.  

“100 сомго бир пирожки келбейт экен. Ошону көбөйтсө болобу?”, - деп суроо салды аксакал.

Улукбек Карыбек уулу аксакал айткан маселени көтөрө турганын билдирди. 

Эскерте кетсек, 22-январда Социалдык фонддун Коомчулук менен байланыш башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов жашы 80ден өткөн карылардын пенсиясына мамлекет тарабынан кошумча 100 сомдон берилип турарын айткан.


Тектеш материалды окуу