
Жарыяланган
2026-19-02, 17:05Былтыр Бишкекте жалпы узундугу 92 чакырым болгон 122 көчө оңдолуп, асфальт төшөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Жол боюнча кеңештин отурумунда борбордук аппараттын тармактык камсыздоо жана чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башкы адиси Бакай Кеңешчороев билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы борбордо узундугу 2 километр болгон эки жаңы жол курулган. Мындан тышкары, 120 көчөдө оңдоо иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 90 чакырым жол пайдаланууга берилген.
Ошондой эле, 28 көчөдө жалпы узундугу 25 чакырымды түзгөн тротуарлар оңдолгон.



