
Жарыяланган
2026-27-03, 17:33Былтыр Кыргызстандан сыртка 1 млрд 213.4 млн сомго ак май экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
2025-жылы чет жакка жалпы 2246.2 тонна ак май сатылган.
Ак май 4 өлкөгө экспорттолуп, анын көбүн Россия (1540 тонна) менен Казакстан (638.8 тонна) сатып алган.
Дагы 27.7 тонна Монголияга жана 400 килограммы Өзбекстанга кеткен.



