Akchabarsearch
Жапаров: Кыргызстан бүгүндөн баштап сомду өзү басып чыгара баштады

Жарыяланган

2026-27-03, 17:55

Жапаров: Кыргызстан бүгүндөн баштап сомду өзү басып чыгара баштады

Кыргызстан бүгүндөн баштап сомду өзү басып чыгара баштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Фейсбуктагы” баракчасында билдирди

Жапаров бүгүн Кыргызстан үчүн тарыхый күн экенин айтты. 

“Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма берип, акча төлөп бастырып келген элек”, - дейт ал.

Аны менен бирге Жапаров Кыргызстан өзүнүн гана акчасын эмес, башка мамлекеттердин валютасын басып бере ала турганын белгиледи. 

“Эми тескерисинче, башка мамлекеттердин акчаларын дагы буйрутма менен биз басып берүү деңгээлине чыктык. Акча чыгарууда талап кылынган шарттарды тастыктаган эл аралык тийиштүү сертификатыбыз да бар”, - дейт ал. 

Ошондой эле Жапаров Кыргызстан өзүнүн чет элдик паспорт, ID-карт паспортторду, айдоочулук күбөлүк, унаанын техпаспортун жана башка документтерди чыгарып жатканын, башка өлкөлөрдүкүн чыгаруу үчүн бир нече мамлекеттен буйрутма түшкөнүн айтып өттү.  
 


Тектеш материалды окуу