
Жарыяланган
2026-25-08, 12:5424-августта Ысык-Көлдө браконьерликке каршы кезектеги экологиялык рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө суудан 3 299 метр эски синтетикалык тор чыгарылып, 70 кг таштанды чогултулду.
Министрлик браконьерликтин алдын алуу, суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо боюнча рейддер мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгиледи.



