
Жарыяланган
2026-25-08, 14:36Кыргызстанда катализаторлорду чыгарууга тыюу дагы алты айга узартылды
Кыргызстанда колдонулган автоунаа катализаторлорун жана алардын курамындагы баалуу металлдарды өлкөдөн сыртка чыгарууга дагы алты айга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-августта кол койгон.
Тыюу төмөнкүлөргө тиешелүү:
• колдонулган катализаторлорго;
• катализаторлорду кайра иштетүүдөн калган шлак, күл жана калдыктарга;
• палладий, родий жана платинанын калдыктары менен сыныктарына;
• ичинде катализатор орнотулган глушителдерге, түтүктөргө жана алардын бөлүктөрүнө.
Чектөө продукцияны Кыргызстандан сыртка чыгарууга гана тиешелүү. Аны өлкө ичинде сактоого жана жүгүртүүгө тыюу салынбайт.
Тыюунун аткарылышын Бажы, Салык жана Чек ара кызматтары көзөмөлдөйт. Экономика министрлигине чечим тууралуу Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына, ал эми Тышкы иштер министрлигине КМШнын Аткаруу комитетине билдирүү тапшырылды.
Жаңы токтом 2026-жылдын 18-февралындагы ушундай эле документтин ордуна киргизилет. Демек, мурда колдонулуп келген чектөө дагы алты айга узартылды.
Кыргызстанда катализаторлорду чыгарууга байланыштуу чектөөлөр 2021-жылдан бери колдонулуп келет. Өкмөт аларды айлана-чөйрөнү коргоо жана абанын булганышын азайтуу максатында киргизген. Катализаторлордун курамындагы палладий, родий жана платина баалуу болгондуктан, аларды автоунаалардан чечип алуу жана уурдоо фактылары көбөйгөн.
Министрлер кабинети буга чейин мындай чаралар айлана-чөйрөнү коргоо жана автоунаалардын түтүнүнөн абанын булганышын азайтуу максатында киргизилип жатканын билдирген. Катализаторлордун курамында палладий, родий жана платина болгондуктан, алар коммерциялык баалуулукка ээ. Өкмөттүн маалыматына караганда, бул автоунаалардан катализаторлорду чечип алуу жана аларды кайра сатуу үчүн уурдоо фактыларынын көбөйүшүнө алып келген.



