Akchabarsearch
Бир нече кадам менен мамлекеттик облигациялар: MegaPay'деги жаңы мүмкүнчүлүк

Жарыяланган

2026-18-06, 11:00

Бир нече кадам менен мамлекеттик облигациялар: MegaPay'деги жаңы мүмкүнчүлүк

MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору санариптик каржы кызматтарын өнүктүрүүнү улантууда жана "MEGA Инвестициялар" кызматынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. MegaPay колдонуучулары эми мамлекеттик баалуу кагаздарды түз эле смартфондорунан сатып ала алышат.

Кызмат лицензияланган брокердин катышуусу менен Кыргызстандын фондулук биржасынын (КФБ) соода системасы аркылуу мамлекеттик казыналык облигацияларга (МКО) мүмкүнчүлүк берет. Кызматты колдонуу үчүн сиз MegaPay колдонмосунда өздүгүңүздү тастыкташыңыз керек.

Башында колдонуучулар эки жылдык мөөнөткө мамлекеттик казыналык облигацияларга мүмкүнчүлүк алышат. Бул жылына 17% туруктуу кирешелүүлүгү жана мамлекеттик кепилдиктери бар ишенимдүү инвестициялык инструмент. Киреше төлөмдөрү үч ай сайын жүргүзүлөт, бул инвесторлорго инвестициялары боюнча үзгүлтүксүз киреше алууга мүмкүндүк берет.

Бир облигациянын номиналдык наркы 100 сом. Инвестициянын минималдуу суммасы 1000 сом, ал эми максималдуу суммасы 1 000 000 сом. Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга бир жолку же ай сайын чектөөлөр жок. Ошол эле учурда, бир инвестор - жеке адам - 100 000ден ашык эмес облигацияга ээлик кыла алат, бул номиналдык баада 10 000 000 сом жалпы инвестицияга туура келет.

Кыргызстандын фондулук биржасынын соода системасында бүтүмдөр күнү-түнү жүргүзүлөт. Бардык керектүү документтерге жана көрсөтмөлөргө булуттук электрондук кол тамга аркылуу аралыктан кол коюлат.

Мамлекеттик казыналык облигацияларды сатып алуу үчүн MegaPay колдонмосун ачып, "Сервистер" → "MEGA Инвестиция" бөлүмүнө өтүп, МKO тандап, облигациялардын санын көрсөтүңүз, келишимге жана көрсөтмөгө электрондук кол тамга менен кол коюңуз, андан кийин сатып алууну ырастаңыз.

Мамлекеттик казыналык облигациялар эң ишенимдүү инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат, анткени алар мамлекеттик кепилдиктер менен камсыздалган. «MEGA Инвестиция» кызматы инвестициялоону мүмкүн болушунча жөнөкөй жана жеткиликтүү кылат — өзүңүз каалаган убакта, түз эле мобилдик колонмо аркылуу инвестиция сала аласыз.

MegaPay аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарга кирешелүү, оңой жана ишенимдүү инвестиция кылыңыз.

08.01.2020-жылдагы КРУБ лиц. №3028080120 жана №2027080120.


Тектеш материалды окуу