
Жарыяланган
2026-18-06, 11:48Кыргызстан башка өлкөлөр менен алтындарын сактап берүү боюнча келишим түзө элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев билдирди.
Жыйында депутат Медина Кайрылбекова былтыр Улуттук банктын жаңы имараты ачылганда анын кампасында 1 миң тоннага чейин алтын сактоого болору айтылганын, азыр алтынды сактап берүү боюнча кайсы өлкөлөр менен келишим түзүлгөнүн сурады.
Бакетаев азыр андай келишимдер түзүлө элек экенин айтты.
Эскерте кетсек, Улуттук банктын жаңы имараты былтыр 28-октябрда ачылган. Анын ачылышында президент Садыр Жапаров мурда Кыргызстан өз алтындарын башка өлкөлөрдө сактап келгенин, эми алар өлкө ичинде сакталарын, ал гана эмес башка өлкөлөрдүн алтынын сактап бере аларын билдирген.



