
Жарыяланган
2026-18-06, 12:37Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медина Кайрылбекова айрым банктар жарандарга насыя берүүдө комиссияларына жана камсыздандырууга деген негизде өтө эле көп акча кармап калып жатканын билдирди.
Анын айтымында, бир жаран бир банктан 200 миң сом насыя алган. Ал банк жанагыдай негиздер менен андан 10 миң сом кармап калып, 190 миң сом гана берген.
Депутат Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаевден банктар жанагынча акча кармап калганы канчалык негиздүү экенин сурады.
Бакетаев ар бир банктын өзүнүн саясаты бар экенин, башка банктарга караганда мамлекеттик банктар комиссия дегендерди азыраак кармап каларын айтты.
Ал Улуттук банк бир ай мурда банктар жанагы комиссия жана башка төлөмдөрдү кармап калууда чектөө койгонун билдирди.



