
Жарыяланган
2026-18-06, 14:412026-жылы өткөрүлгөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча өлкө боюнча 230 упайдан 239 упайга чейин топтогон 55 бүтүрүүчү “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болду.
ЖРТда эң жогорку көрсөткүч — 239 упай болду. Мындай жыйынтыкты Нарын облусундагы Н. Жундубаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Айдай Абылаева жана Баткен облустук мектеп-гимназия интернатынын окуучусу Сезимай Акматова көрсөттү.
“Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынан болду. Жалпысынан борбордон 34 окуучу эң жогорку балл топтогондордун катарына кирди.
Мындан тышкары, Ош шаарынан 1, Ош облусунан 1, Чүй облусунан 5, Ысык-Көл облусунан 4, Нарын облусунан 2, Баткен облусунан 3, Жалал-Абад облусунан 4 бүтүрүүчү жана Россия мектептеринин 1 окуучусу “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болду.
Ошондой эле Бишкек, Каракол, Манас, Ош шаарларынын жана Чүй облусунун окуучулары 235-236 упай алып, эң мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.



